“Жыл мыктысын” сатып алып жатышса, чыныгы мыкты адамды кызматтан алышты

“Жыл мыктысын” сатып алып жатышса, чыныгы мыкты адамды кызматтан алышты

“Жыл мыктысын” сатып алып жатышса, чыныгы мыкты адамды кызматтан алышты

Жыл аяктап, баары эле “Жылдын мыкты адамы” болуп жатышат. Кээ бири чын эле бул наамга татыктуу болсо, кээ бири жөн эле акчага сатып алышууда. Ал эми, чыныгы мыкты адамы Аликбек Жекшенкулов түшүнүксүз жагдайлардан улам кызматтан алынып отурат. Мындай өзүнүн ишин мыкты билген адамдарды кызматтан албастан, тескерисинче колдоо көрсөтүү керек.

Аликбек Жекшенкулов элчилик кызматында 2 жылга чейин эмгектенди. Ошол убакыттын ичинде көп жакшы иштерди аткарды. 16-октябрда кызматтан алынбаса, дагы көп иштерди ишке ашырмак. Кызматтан алынганда дагы Президенттик аппарат маалыматты таратпаганы да таң калычтуу.

Аликбек Жекшенкуловдун Аликбек 2019-жылдын башында бул кызматка дайындалган. Аликбек Жекшенкулов 1957-жылы 25-майда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында төрөлгөн. Ал 1992-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 1996-жылы 1-класстагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болуп эмгектенген.

Аликбек Жекшенкулов 1980-жылы Украина айыл чарба академиясын токой чарба инженери адистиги боюнча бүткөн. 1980-1982-жылдары Аламүдүн районундагы “Ала-Арча” Кыргыз мамлекеттик табигый паркынын аймак башчысы, 1982-1986-жылдары комсомолдун Аламүдүн райкомунун 1-катчысы, 1986-1990-жылдары ЛКЖС БКнын катчысы, Кыргыз мамлекетинин ЛКЖСнын Ош обкомунун катчысы, 1990-1992-жылдары жаштар иши боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын 1-орун басары, 1992-1994-жылдары президенттин аппаратында референт, Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, 1994-1995-жылдары тышкы иштер министринин орун басары, 1995-жылдан тартып 1-орун басары болгон. 2005-2007-жылдары тышкы иштер министри кызматын аркалаган.

Источник: erkindik.media/kg

ПОДЕЛИТЬСЯ

Share on facebook
Share on whatsapp
Share on telegram
Share on vk
Share on twitter
Share on odnoklassniki