Данияр Сыдыков, Чыңгыз Айдарбеков шефтери менен гумжардамдан бизнес кылышканбы? 

Данияр Сыдыков, Чыңгыз Айдарбеков шефтери менен гумжардамдан бизнес кылышканбы? 

Данияр Сыдыков, Чыңгыз Айдарбеков шефтери менен гумжардамдан бизнес кылышканбы? 

Өткөн жылы коронавирус күчөп, пандемия апаатында көп өлкөлөрдөн гуманитардык жардамдар келгени кабарланган. Тилекке каршы, бекер таратыла турган ырыскыны андагы бийлик сатыкка чыгарып жиберди беле? Бул боюнча талуу кептер эми айтыла баштады.

Айтор, олуттуу суроолор жаралууда. Орусия Федерациясынан 110000 даана ПЦР тесттер келгени, бирок буларды жеке клиникага таратышканы аныкталабы? Ар бирин 2000 миң сомдон эле сатканда канча миллионду чапчыганын көбөйтүп көрбөйсүзбү? Дагы кошумча дары-дармектерчи?

Кыйналган элдин энчисинен бизнес жасашканбы? Ал кездеги тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен президенттик аппараттагы Данияр Сыдыков сырттан келген гуманитардык жардамдарды көзөмөлдөшүп, көз будамайлоо менен шугулданышканбы? Бул боюнча тийешелүү органдар иликтешип, эмне үчүн былык иштерди ачыкташпайт?

Ток этери, Орусиядан, Европадан, Кытайдан ж.б. өлкөлөрдөн акчалай жардамдар, дары-дармек келип атканын укканбыз. Бирок, алар максаттуу пайдаланылдыбы? Эгерде Чыңгыз Айдарбеков менен Данияр Сыдыковду жакшылап «сыгышса», шефтерин кошо сатып жиберишеби? Ондогон жогорку чиновниктер камалышабы? Баардыгын президенттик аппарат көзөмөлдөп аткан да, туурабы? Оору күч алып, эл кыйналгандагы жасалган кыянаттыктар тыкыр изилденип, аныкталып, укуктук жактан баа берүүгө мезил келди го?..

Булак: Азия News гезити

ПОДЕЛИТЬСЯ

Share on facebook
Share on whatsapp
Share on telegram
Share on vk
Share on twitter
Share on odnoklassniki